Шайлоо: Бюллетендер толук саналып бүттү

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу добуштарды кол менен эсептөө аяктады.

Биринчи май округу боюнча:
Эльвира Сурабалдиева — 47,97%;
Нурбек Тотонов — 18,43%;
Нурбек Токтакунов — 5,55%.

Свердлов округу боюнча:
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 19,52%;
Шайлообек Атазов — 18,10%;
Аскар Алмаз уулу — 14,06%.

Ал эми жалпы 120 автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) маалыматына ылайык, төмөнкү талапкерлер алдыда келе жатат:

Биринчи май округу боюнча:
Эльвира Сурабалдиева — 46,09%;
Нурбек Тотонов — 17,73%;
Нурбек Токтакунов — 5,33%.

Свердлов округу боюнча:
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,54%;
Шайлообек Атазов — 16,28%;
Аскар Алмаз уулу — 12,64%.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

 

0 Поделились