Темир Сариевдин кайрылуусуна Фарид Ниязов жооп кайтарды

Бүгүн, 8-августта Темир  Сариев билдирүү таратып, үгүт иштери баштала элек жатса дагы Бишкектеги “Форум” имаратына министрлер, өкмөт өкүлдөрү, мэрлер чогулуп жатканын, аларды бийлик партиясынын талапкерине иштегенге ачык эле мажбурлап жатышканын жазган. Анда талапкер бул иштерди Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып, “жумушчу” жыйындарга өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып калып жатканын билдирген.

Ушул маалыматка байланыштуу Темир Сариев Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, мындай одоно мыйзам бузулуп жаткан фактыларга ыкчам түрдө көңүл буруусун, мындан ары мындай нерселердин болушуна жол бербешине камсыз кылып берүүсүн талап кылган. Андан тышкары, ал Сооронбай Жээнбековдун чукул арада кызматы өткөрүп берүүсүн, кызмат абалын кеңири колдонуусуна токтотуусу керектигин кошумчалаган.

Буга карата Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов Темир Сариевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Анын айтымында, Сариевдин мындай  билдирүүсүн өзүнө көңүл бурдуруу аракети катары баалоого болот.

Ошондой эле, Фарид Ниязов Жээнбеков мыйзам чегинде иштеп жатканын, анын жолугушуулары мыйзамга каршы келбесин, Форумга иштен тышкары келип жаткан элди келбе деп тыя албасын билдирди.

Темир Сариев андан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясына калыстык жана таза шайлоо үчүн баардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылып берүүсү керектигин айткан. Атап айтканда, абакта отурган талапкерлердин дагы кыргыз тили боюнча тестирлөөгө катышууга толук укуктары бардыгын, анткени алар сот тарабынан соттоло элек жарандар болгондуктан алардын шайлаганга жана шайланганга толук конституциялык укуктары бардыгын эске салган.