Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы дайындалды

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп Азимкул Боронбаев дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке эки талапкер көрсөтүлгөн. Төраганы шайлоо жашыруун добуш берүү менен өттү. Азимкул Боронбаевдин талапкерлигин 30 депутаттын 18и колдоду.

Эске салсак, буга чейин аталган шаардык кеңештин депутаттарынын толук болбогондугунан улам үч сессиясы болбой калган.

Мындан сырткары, Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 25-августка белгиленгендигин БШКдан билдиришти.