9-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+32;

Ал эми, Бишкек шаарында 9-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 35…37° градуска чейин ысыйт.