Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым менен жолукту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Өкмөт башчысы Биналы Йылдырым менен эки тараптуу жолугушту. Анда тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча бир катар иш планын талкууга алышты. Биналы Йылдырым 1992-жылдан бери Кыргызстандан 3500дей студент билим алгандыгын айтып, мындан ары да бул багытта кызматташууну улантуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле Туркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү зарылчылыгы бар экендигин жана аны өлкөнүн кайсы шаарында болбосун уюштурууга даяр экендигине токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки өлкө ортосунда айыл-чарба тармагындагы бир топ долбоорлорду ишке ашыруу жагы да каралды.

Эске сала кетсек, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана бир катар өкмөттүн мүчөлөрү жумушчу сапар менен Түркияга барышты. Анын алкагында өкмөт башчы Түркиядагы “Манас” эстелигинин ачылыш аземине катышат.