Бүгүн Стамбулда Манастын айкели ачылат

Бүгүн, 9-августта Түркиянын Стамбул шаарында Манас баатырдын айкелин ачуу салтанаты өтөт. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана башка өкмөт мүчлөрү катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Манас баатырдын эстелиги Стамбулдагы Халич тарыхый аймагына орнотулган. Аны кыргызстандык адистер сегиз ай ичинде жасап бүтүшкөн.

Демилгечилердин айтымында, айкелди тургузууга Түркия бийлиги жана кыргызстандык ишкерлер колдоо көрсөткөн.

Эске салсак, Айкөл Манастын эстелиги 2012-жылы Москва шаарындагы «Достук» сейил багында дагы тургузулган.