Сариев төрт талапкер менен биригүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди

Президенттикке талапкер Темир Сариев 7-августта бир топко бириккенин жарыялаган Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр башталганын билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна кабарлаган.

Сариевдин айтымында, ал өзүнүн шайлоо штабынын башчысы Элмира Ибраимова менен чогуу барып, шайлоого бирге баруунун убадалашкан төрт талапкер Төрөбаев, Келдибеков, Мадумаров жана Ташиев менен жолугушкан. Ал билдиргендей, жолугушууда негизги багыттар боюнча пикирлери дал келишкен, бирок азырынча биригүү тууралуу айтуу эрте. Бирок алдыда бир топко биригүү тууралуу маселе көтөрүлүп жатат дейт, Темир Сариев.

Эске сала кетсек, 7-августта президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев шайлоодо бир талапкерди колдоо үчүн бириккенин жарыялашкан.