Бүгүн 4 тапапкер тил сынагынан өтөт

Өлкөнүн президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө планына ылайык, бүгүн, 9-августта төрт талапкер сынактан өтөт.

Алгач талапкер Алмазбек Каримов саат 9:00дө тестирлөөгө кирди. Андан соң Токтайым Уметалиева саат 10:30да, Ахматбек Келдибеков саат 13:30да жана Камчыбек Ташиев саат 15:00дө тест тапшырып башташат.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган сертификаттар ыйгарылат.

Буга чейин белгиленген тизме боюнча президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген жарандардын 25и кыргыз тилинен сынак тапшырышты.