10-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 10-мартта Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган райондордо жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Нарын облусунда +4…+9 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градус болушу күтүлөт.