Өкмөт кыргыз-кытай өнүгүү фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргыз Өкмөтү кыргыз-кытай өнүгүү фондун түзүү боюнча Кытайдын “Улуу Жибек жолу” фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул өз кезегинде кыргыз орус өнүгүү фонду сыяктуу ортолук фонд болот. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 7-августтагы интервьюсунда айткан.

Премьер-министрдин сөзү боюнча, өкмөт чакан жана орто бизнести төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракет кылууда. Бул багытта бийлик бизнес үчүн тоскоолдуктарды жоюу, өзгөчө экспорт жана импорт жаатында иш жүргүзүүнү жеңилдетүүгө карата иштерди жүргүзүүдө.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, “Улуу Жибек жолу” фонду менен чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн уставдык фонду 40 млрд долларлык фонд түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айткан. Ошондой эле өкмөт башчы бул сөзсүз ишке ашарын кошумчалаган.