Сузактагы жол кырсыгынан 3 киши каза болду

Сузак районунда жол кырсыгы катталып үч адам көз жумуп, дагы үчөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 9-августта аталган райондун Беш-Бала айылында катталган. Анда “Фольксваген Вента” жана “Хундай Кари” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаада калган адамдардын денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.