7 жашар баланы чоочун күбөлүк менен чет өлкөгө алып кетмекчи болгон аял кармалды

«Чалдыбар-автоунаа» көзөмөл өткөрмө жайында 7 жашар баланы туулгандыгы тууралуу чоочун күбөлүк менен тышка алып кетүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 9-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

1987-жылы туулган аял чек арада паспорт көзөмөлүнөн өтүүдө чек арачыларга Орусиядан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Чек арачылар оозеки суроолор менен баланын ата-энеси, жаш курагы тууралуу маалымат документтеги маалыматка туура келбей турганын аныкташкан. Бул боюнча кармалган аял баланын атасы аны чет өлкөгө алып кетүүгө уруксат бербей койгондуктан күбөлүктү жасаганын билдирген.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМ аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.