Талапкер Алмазбек Каримов кыргыз тил сынагынан өттү

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө кирген талапкер Алмазбек Каримов 2 саатка созулган сынактан ийгиликтүү өттү.

«Кыргызтесттен» билдиргендей, Каримов 4 субтесттин жыйынтыгында жалпы 77,6 балл алды.

Ал эми, учурда талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева сынак тапшырып жатат.

Бүгүн, 9-августта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган сертификаттар ыйгарылат.