1-сентябрдан чет өлкөлүктөр үчүн электрондук виза киргизилет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып чет өлкөлүктөр үчүн электрондук виза киргизилет. Бүгүн, 9-августта Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстанда катталган чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү үчүн электрондук визанын бет ачары өткөрүлдү.

Консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангуловдун айтуусунда, электрондук виза 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке киргизилет. Анда визаны 3 күн ичинде алууга мүмкүн болот.

Э. Асангулов билдиргендей, чет өлкөлүктөргө электрондук виза 3 түрдө «иш» жана «туризм» категориясы боюнча гана берилет.

Электрондук виза берүү чет өлкө жарандарына интернет аркылуу 90 күндүк мөөнөткө чейинки туристтик же иш визасын алууга шарт түзөт, бул үчүн Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемелерге кайрылуунун зарылчылыгы жок.

Электрондук виза алуу жолу абдан жөнөкөйлөтүлгөн, ал үчүн www.evisa.e-gov.kgсайтында тиешелүү анкетаны толтуруп, сүрөтүн жана паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, кызмат акысын банк аркылуу төлөйт.

Кыска мөөнөттүү иш жана туристтик визалар 90 күнгө берилет, аны кайра узартуу каралган эмес.