Чоң-Кеминде тоо лыжа базасын куруу пландалууда

Чүй облусунун Чоң-Кемин жергесинде тоо лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу 9-августта экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, лыжа трассанын узундугу Караколдун базасына салыштырмалуу узун болот. Ошондой эле, базанын жайгашкан орду эс алуучулар үчүн абдан ыңгайлуу, ал Бишкектен 90-100 чакырым аралыкта турат.

Министрдин орун басары билдиргендей, 1,6 млн долларды түзгөн инвестициялык каражат тоо лыжа базасына жабдууларды алып келүүгө жумшалат. Буг багытта австриялык жабдууларды алып келүүгө келишим түзүлгөн.

Андан тышкары, жакында жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча консерва заводун ишке киргизүү күтүлүп жатат. Ал эми заводдо өндүрүлгөн продукция экспортко чыгарыларын Данияр Иманалиев кошумчалады.