Иранда илгерки жер алдындагы шаар табылды

Археологдор Ирандын Хамадан провинциясынан 2 миң жыл мурунку жер алдындагы шаарды табышты. Мындай маалыматты Sputnik Persian жазды. ​Khabar online агентигинин маалыматына караганда, байыркы калаа Самен шаарынын аймагынан табылган. ​Хамадан провинциясындагы маданият жана туризм бөлүмүнүн башчысы Али Хаксардын маалыматына караганда, табылган шаар Тегерандан батышты карай 400 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаарда 25 каана өз ара туннелдер аркылуу байланышы болгон. Шаарды иликтөө иштери 2005-жылы башталып, 10 жылга созулган.