Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Түркияга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Стамбул шаарында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттөн билдиришкендей, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Ага өлкөнүн ТИМи Эрлан Абдылдаев, Маданият министри Түгөлбай Казаков, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов катышты.

Анда мекендештер мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан, атап айтканда, Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан ар кандай документтерди берүү боюнча маселелерди козгошту. Ошондой эле, алар билим берүү, жаш адистерди колдоо, кыргызстандык жарандарга көмөктөшүү жана башка жааттардагы суроолоруна жоопторду алышты.

Сооронбай Жээнбеков диаспора өкүлдөрүнө Түркиядагы бардык кыргыз жарандарынын башын бириктирип, Кыргызстандын маданиятын жана достугун бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.