Бишкектин Кулатов көчөсү убактылуу жабылат

Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү 10-августтан тарта автоунаа кыймылы үчүн жабылат.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, аталган көчөнүн М.Элебаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Жол кыймылы аталган аймактагы жылуулук системаларын оңдоого байлануштуу  токтотулууда. Ремонт иштерин «Бишкеккурулуш» ишканасы жүргүзүүдө. Ал 24-августка чейин уланат.