Токтайым Үметалиева кыргыз тили боюнча тест тапшырды

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө кирген талапкер Токтайым Үметалиева 2 саатка созулган сынактан ийгиликтүү өттү.

«Кыргызтесттен» билдиргендей, Үметалиева сынактын жыйынтыгында жалпы 76,7 балл алды.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттырынын өкүлдөрүнө маалымат берип жатып, буга чейин президенттикке талапкер катары 4 ирет мамлекеттик тил боюнча сынакка катышкандыгын, бул ирет оор болгондугун билдирди.

Буга чейин сынак тапшырган Алмазбек Каримов 77,6 баллга ээ болгон. Учурда талапкер Ахматбек Келдибеков тестирлөөдөн өтүп жатат.

Бүгүн, 9-августта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган сертификаттар ыйгарылат.