Тоолуктарды толкуткан «Тоң ааламы»

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


ЮСАИДдин каржылоосунда Тоң райондук мамлекеттик акимчилиги менен биргеликте Бөкөнбаев айылынын ат майдан талаасында өткөн “Тоң ааламы” аттуу республикалык этнофестиваль жарманкесине өлкөнүн булуң-бурчтарынан сырткары алыскы Дания, Бельгиядан да туристтер келип катышканы алдыдагы жаңы меймандарга да кеңири жол ачылгандай болду.

Эл аралык фестивалдын алдын ала бел- гиленген программасына ылайык Тоң районунун бардык айыл аймактарынан келишкен өкүлдөр бирден боз үй тигишип, улуттук тамак-аш жасоо, кол өнөрчүлүк чеберчиликтерин көрсөтүшүп, мастер класстарды уюштурушту. Бир катар жылдардан бери кыргыздын байыртадан бери унутулбай келе жаткан аң улоодогу тайганчылык, куш салуу, жаа тартуу өнөрүн унуттурбай улантып, улам кийинки муундардын эсине салган, Тоң жергесинен чыккан Алмазбек Акунов жетектеген атактуу ”Салбуурун” федерациясынын мүчөлөрү уюштурган оюн-зоок Кызыл-Туу айылынан келген 6 жигиттин 10 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде боз үйдү тигиши өзгөчө алыстан атайылап ат арытып, жол карытып кызыгып келген европалыктарды таң калтырды.

– Мындай ажайып жерди, меймандос эл- ди өмүрүбүздө биринчи жолу көрүшүбүз, – дейт Бельгиядан келген жубайлар Шарлот менен Ри Ниустар. – Бүгүнкү жарманкедеги көрүнүштөр биз билген өлкөлөрдүн бирин- де да жок. Кийиз бетине түшүрүлгөн түркүн түстөрдөгү оймо-чиймелер, жыгачтан жана темирден жасалган ат жабдыкта- ры, жигиттердин ат үстүндө чаап баратып жаа тартуусу, тайган агытып, куш салуусу, бүркүтчүлөрдүн бийи… эмне деген керемет!

– Бизди таң калтырганы, – дейт дания- лык туристтер Тобиат менен Андриат, – бир нече миң жылдык тарыхы бар кыргыз элинин байыркы ата-бабаларынын көчмөндүк улуу салтсанаасы менен өнөрүн көөнөртпөй муундан муунга өткөрүп келе жатканы. Ушундан улам биз кыргызга улуу эл катарында таазим кылабыз. Анткени, европалыктар мындай маселеде силерге тең келе алышпайт. Алар ааламдашуу доорун эртелеп баштап коюшкан.