10-августка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-августта өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32;

Ал эми, Бишкек шаарында 10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.