Ахматбек Келдибеков кыргыз тил сынагын тапшырып бүттү

Президенттик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырган талапкер Ахматбек Келдибеков сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды. Берилген убакыттан эртерээк тапшырып бүткөн А.Келдибеков жыйынтыгында 85,9 балл алды.

Буга чейин талапкерлер Алмазбек Каримов жана Токтайым Үмөталиева сынактан ийгиликтүү өткөн.

Ал эми учурда талапкер Камчыбек Ташиев Камчыбек тестирлөөдөн өтүп жатат.

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты ыйгарылат.