Жарым жылда сырттан келген инвестициянын көлөмү 35%га өскөн

2017-жылдын I кварталында Кыргызстанга 202,6 млн доллар өлчөмүндө чет элдик инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35% көп. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, инвестициялардын 87,3% алыскы чет мамлекеттерден келет. КМШ өлкөлөрүнөн  келген инвестициянын көлөмү 59,5%га азайып, 25,7 млн долларды түздү.

Ал эми, жакынкы чет мамлекеттерден келген инвестициянын басымдуу бөлүгү Казакстандан тартылган. Алыскы чет мамлекеттердин арасынан Канада менен Кытайдан көп келген. Инвестициялардын көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көл облусуна жана Бишкек шаарына тартылгандыгын Иманалиев кошумчалады.

Белгилей кетсек, экономикадагы ивестиция тартыла турган негизги багыттардан болуп, финансы жана илимий техникалык ишмердүүлүк эсептелет.