Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү соттолду

Баткен областтык сотунун коллегиясы, буга чейин Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кармалган эл аралык террористтик уюмдун үч мүчөсүнө карата чечим чыгарды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 8 беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу сот өкүмү чыкты.

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын эл аралык террористтик уюмдун зыянын алдын алууга мүмкүн болгон. Бул топтун катарына Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген кыргыз жарандары «М.Т.Т.», «С.К.М.» жана «Р.А.М.» кирген.

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү жашаган жерлерде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн далилдери катары “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дарылар, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган.