Ошто троллейбус айдоочулары иш ташташты

Ошто троллейбус айдоочулары иш таштап, бүгүн ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов “Азаттыкка” билдирген.

Анын ырасташынча, троллейбус айдагандар 10 — августта иш таштоо уюштурарын алдын ала мэрияга эскертишкен. Романов иш таштоого троллейбус айдоочуларынан ар бир каттамынан 80 сом салык чогултуу себеп болуп жатканын кошумчалады. Ошто шаар тургундарын ташыган 35 троллейбус бар.

One thought on “Ошто троллейбус айдоочулары иш ташташты

Комментарии закрыты.