Камчыбек Ташиев кыргыз тилинен сынак тапшырды

Президенттик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырган талапкер Камчыбек Ташиев жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Берилген 2 саат ичинде талапка ылайык 4 субтесттен өтүп, жыйынтыгында жалпы 83,25 балл топтоду.

Буга чейин талапкерлер Алмазбек Каримов, Токтайым Үметалиева жана Ахматбек Келдибеков тесттен ийгиликтүү өткөн.

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге ыйгарыла турган мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнгө чейин БШКга шайлоого катышуу үчүн арыз берген жарандардын 29у кыргыз тилинен сынак тапшырышты.