Самат ЭРКИНБЕКОВ: «Көчөдөн көргөндөр «дүрүдүм» деп калышат»

Айгүл ТОКТОГУЛОВА


Кыска аралыктын ичинде бир топ көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, талыкпай эмгектенип, элге күлкү тартуулап келе жаткан таланттарыбыздын бири актёр,

“Тамашоучу” Самат Эркинбеков өз ойлору менен бөлүшүп кетти.

– Акыркы жаңылыктардан айтып кетсең, Учурда эмне менен алектенип жатасың?

– Учурда эс алууда жүрөбүз. Ушул жылдын жаз айында Кыргыз драма театрында “Самат Эркинбековдун жеке чыгармачылык юмор кечеси“ – деген аталыштагы концерт өткөздүм. Эки жарым саат болду. Ичинде стендап, узун узун тамашалар болду жана студенттер менен биргеликте спектакль ойнодум.

«Ойлонуп жолдо келатсам, «обгондоп» кетти булуттар…»

Концерттин эң өзгөчөлүгү “Ак шоола” балдар хору менен ырдадым. Андан тышкары “Ата мээрими” деген драманы ойнодук. Абдан жакшы деңгээлде өттү. Элдин баарын ыйлатты.  Телевидениеден келип тартып кетишти. Биринчи жолу концерт бердим, оор эле болот экен. Ошол концерттин программасы менен Айпери Кубик кызы экөөбүз түштүк тарапка гастролдоп келдик. Андан кийин Москвага гастролго барып келдик. Бир нече киного тартылганга сунуштар түшүп жатат, буюрса, ноябрь айында тартылсамбы деген планым бар.

– “Тамашоуга”, актердук өнөргө кантип аралашып калдың?

– Быйыл сахнада жүргөнүбүзгө он жыл болду. 2008-жылдан бери “Ак-Өргө city” командасы “Тамашоуда” ойнодук, ошол тамашоунун аркасы менен кинолорго тартылдык, эл алдына чыктык. “Тамашоуга” балдарды кабыл алабыз дегенинен барып калдык. Тамаша чыгарып көрсөк колдон келет экен. Ошентип катуу киришип баштадык. Бир топ образдарды жараттык. Ошолордун ичинен элдин, балдардын эсине сиңип калганы Актан, Акылайдын образы. Көчөдөн көргөндөр Акылай байке го деп калышчу болду.

– Акылай деген атка кантип конуп калганыңды өз оозуңдан уксак?

– “Тамашоуга” даярданып жатып бизге “Керемет көч” мультфилиминдеги Актан, Акылай, Такайдын образын жаратып ойноп көрбөйлүбү деген ой келди. Ошентип сен Актан, мен Акылай, Такай болобуз деп бөлүшүп алып ошолордун образын жараттык. Ар бир ж а р а т к а н образыбыз элге жакшы сиңип, жакшы кабыл алынып жатты. Ошол тасмалардын артында бир топ лакап аттарга да ээ болдум. Көчөдөн көргөндөр “дүрүдүм”, сахнада Доорон деп айтып калышат. КТРКда алып баруучу болуп иштеп, ошол жактан кичине өз атымды чыгардым. Азыр болсо Самат Эркинбеков деп айтып калышты.

– Алып баруучулук жана актердук өнөрдөн башка кесипти аркаласам деген планың барбы?

Жылдыз ИСКЕНДЕРОВА: «Бүгүнкү күндө театралдык окуу жайлар ушул сыяктуу китептерге муктаж»

– Негизи менин өзүм стоматология адистигин алгам. Ал жакта деле иштесең болот, бирок көңүлүм ушул жакка көбүрөөк тартат. Кудайга шүгүр, ушул жумуш менен эле үй-бүлө багып келе жатабыз. Жумушум бул менен эле токтолуп калбайт, тойлорду, концерттерди алып барабыз, оюн күлкү көргөзөбүз, гастролдорго чыгабыз.

– Сахнадагы кызыктардан айтып берсең?

– Кызыктар көп эле болот. Сахнага чыгып жатканда кээде айта турган сөздөрүңдү, тамашаларды унутуп каласың, коркконуңан башка бир сөздү сүйлөп жибересиң. Кээде ошол сөзүң элге жакшы өтүп кеткен болот. Кинонун кызыктары, түйшүктөрү да абдан көп. Кээде уктап жаткан адамдын образын жаратуу маалында жарыктарын коюп, баштадык, тарттык дегичекти уктап калган күндөр дагы болгон.

– Көрүүчүлөр тараптан сын пикирлер болот эмеспи, ошондой сындар көп эле болуп жаттыбы?

– Эми беш кол тең эмес да, жүз адам жакшы деп мактаса ошолордун ичинен ону жаман деп чыгат. Мындай нерсе бардык эле жерде болуп келген. Ага көп деле көңүл бурбайбыз, эң негизгиси эл колдоп жатат, суранып жатат. Элге жагып жатат.

– Жакшы жана жаман сапаттарыңдан айтып кетпейсиңби?

– Жакшы сапаттарым аябай эле көп, эми өзүм айтсам болбой калат го. Бирок, иштерманмын,  чыгармачылыктын үстүндө көп иштейм. Ал эми жаман сапаттарым – көп уктайм, ишенчекмин, ошонун айынан кээде алданып калам.