Чоң-Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык 2017-жылдын 4-май күнү саат 12:57 де жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ нин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстан жана Кыргызстан чек арасынын аймагында катталып, очогунда 4 баллга чейин жеткен. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Карамык айылында 3,5 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.