Жети айда мамлекеттик карызды төлөөгө 12 млрд сом жумшалды

2017-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 12 млрд 111 млн 615,2 миң сом жумшалды. Бул боюнча өлкөнүн финансы министрлиги кабарлады.

Анын ичинен мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө – 5 млрд 262 млн 172,2 миң сом, ички карызга – 6 млрд 849 млн 443,0 миң сом коротулган.

2017-жылдын июнь айына алынган маалымат боюнча өлкөнүн мамлекеттик карызы АКШ валютасы менен алсак 4 млрд 243 долларды түзөт. Каржы министрлигинин билдиришинче мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 3 млрд 868 млн доллар, ал эми ички карыз 375 млн долларга жетет.