Кыргыз дзюдочулары дүйнө чемпиондугуна даярданууну Венгрияда улантат

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курамасы  28-августтан 3-сентярга чейин Венгрияда өтө турган дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүүнү улантууда. Бул тууралуу КР Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Уюм билдирген боюнча, кыргыз курамасы 15-26-август күндөрү Эл аралык дзюдо федерациясынын Венгриядагы машыгуу борборунда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.

Маалымат боюнча, дүйнө чемпиондугуна кыргыз курамасынын катарында 8 спортчу барат. Алар ар түрдүү салмактык категория боюнча мелдештерге чыгат.

Ал эми учурда эки спортчу Алмаз Алтынбек уулу жага Азамат Бектурсунов Эл аралык дзюдо федерациясынын Будепешттеги машыгуу борборунда машыга башташты.