«Саякбай» тасмасынын бет ачары сентябрда болот

«Саякбай» тарыхый тасмасынын улуттук бет ачары 7-сентябрда өлкөнүн баардык кинотеарларында болот. Бул тууралуу тасманыны режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Аталган тасма ата мекендик кино өндүрүшүнүн көптү үмүттөндүргөн алдыңкы чыгармаларынын бири болуп саналат. Тарыхый тасмада «20-кылымдын Гомери» аталган улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалы баяндалат. Анда башкы ролду Марат Жантелиев ойногон.

Андан тышкары тасмага  Тынара Абдразаева, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы дана Үмөт  Дөөлөтов тартылган.

«Саякбай» тасмасы эл аралык Монреаль кинофестивалында 24-августта көрсөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *