Талапкер Калмамат Мактымбаев кыргыз тил сынагынан өтпөй калды

Президенттик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнү 24,6 баллга тапшырган Калмамат Мактымбаев сынактан өтпөй калды.

Мындан улам ага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.

Буга чейин тест тапшырган талапкер Исхак Масалиев сынактан ийгиликтүү өткөн.

Алдыда талапкерлер Арсланбек Малиев жана Казыбек Шайымбетов сынак тапшырат.

Эске салсак, 4-августта тест тапшырган талапкер Руслан Жунусов дагы мамлекеттик тил сынагынан өтө алган эмес.