Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

11-13-август күндөрү республика аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз жана 12-августта көпчүлүк  аймактарда  жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 13-августта жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *