“Кыргызтестти” 33 талапкер тапшырды

Президенттикке талапкерлердин 33ү кыргыз тилинен сынак тапшырып бүттү. Алардын экөө жетиштүү упай топтой албай, сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Талапкерлердин сынак тапшыруусу бүгүн да уланат. Кезекте Канат Исаев, Эрнис Зарлыков, Турат Акимов жана Темиркул Өмүралиев турат. Сынак тапшыра элек дагы 15 талапкер бар.

Баш мыйзам боюнча президенттикке талапкер катары катталуу үчүн кыргыз тилден сынак тапшыруу, 30 миң кол топтоо жана миллион сомдук шайлоо күрөөсүн коюу керек. Талапкер “Кыргызстесттен” кеминде 60 балл алууга тийиш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *