Кытайга виза ачтырууга бир айлык мөөнөт берилет

Кытайга окуганы бараткан кыргызстандык студенттерге көмөк берүү үчүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Кытайдын элчилиги виза алууга бир айлым мөөнөт берүүнү макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн ТИМ кабарлады.

14-августтан 15-сентябрга чейин жумасына үч күн, саат 15.00-16.00 кезекке туруп, визага документ тапшырса болот. Ошондой эле электрондук кезекке тураа да укугу берилет.

Былтыр 30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян тийген. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *