Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Асандын бул сөзү ага башка чапкандай катуу тийди…

Тээ чыпалактай кезинен угуп жүрүп, жадымына жедеп жатталып калган сөз! Ал Асылбек менен Кызмончоктун жомогун угуп жүрүп адам баласына таандык оңтескери кыял-жоруктарды, жакшы-жаман сапаттарды ажыратып билип калган. Айрыкча Кызмончок мындай жомокторду жанга сабак болсун, үйрөнсүн, билсин деген кыязда өтө берилүү менен айтар эле.

Эсинде, акыл-эс кирип калган кездеринде Кызмончок ага адаттан тышкары бир жомокторду айтып берчү. Бирин түшүнсө, бирин түшүнбөй, бирок Кызмончоктун ошол окуяга кошо аралашып кеткендей бирде күлүп, бирде ыйлаган абалын, бар кыймылын тирмийип тиктеп, өзү кошо бирде башын сереңдетип көтөрө калса, бирде жер менен жер болуп жата калып, кунт коюп уга берчү.

Так ошол бактылуу учурларынын бири эсине түшүп кетти эми…

Эмнегедир ошондо Кызмончок башкача эле. Ичинде өтө олуттуу бир табылгасы бардай, сыртынан канчалык ойлуу, оор басырыктуу көрүнгөнү менен жандилинде кандайдыр бир табышмактуу кубулуш кээде көк ирим суудай имерилип, өзүнөн кайра өзүнө куюлуп, кээде буркан-шаркан түшүп турган. Мунун баарын сезип, билип келаткан Жан дагы адатынча ойдолоктоп-ойнобой, унчукпай эрчип келе берген. Качан гана мерчемдүү жерине жеткенде кыз сыңар тизелеп отура калып, төгүлүп-чачылып “ырдаган” болчу.  Анын бул ыры, жомогу мурункулардан алда канча ыргактуу, салмактуу эле.

Бул жомок андан кийин да далай жолу айтылып, уланып жүрдү. Бирок бир жолкусу эсинде калыптыр. Эки колу менен эки тизесин бекем мыкчый кармап, эки ийинин солкулдата, көздөрүн жумуп, бир топко чейин денесин чайпалта, демейдегиден башкача «ырдаган» ошондо. Ал түгүл узун кирпиктеринин алдынан бирэки тамчы тыпылдап кулап да кеткен. Анын ким жөнүндө, эмне жөнүндө айтып жатканын жылан түшүнө алган эмес.

“Кабылан, айкөл баатырың,

Кырк күнү жыргап тим жатты,

Мындай болуп ким жатты?!

Калмактар жүрөт камынып:

«Ата, бала болгонсуп,

Сыр билдирбей жаткыла,

Аянбай жакшы баккыла!

Өлчөлүү күнү өткүчө,

Коопсуз жатып калсын, – деп, –

Кырк күнү жатсын козголбой,

Мен кыябыма келейин,

Кызыталак кыргыздын,

Анан сазайын колго берейин!»

Кыргыздын муну менен иши жок,

Муну билген киши жок!

Алоокенин Коңурбай,

Атка минип алактап,

Айласы күчтүү оңбогур

Жүрүп келет шалактап.

Энөө, эпсиз баатырдын,

Анан эшигине келиптир.

Эки колу боорунда,

Ийилип салам бериптир.

Баатыр жатат пактада,

Кереге бою тактада.

Санаасы жок бут сунуп,

Баягыдай көз жумуп,

Эки көзү коюлуп,

Элинде жаткан эмедей,

Кадимкидей чоюлуп.

Душманы анда кеп айтат,

Кол куушуруп деп айтат:

«Баатырым, Манас, кабылан,

Арада кадик жок болуп,

Биз туугандаштык окшодук.

…Эп болсо, атка миниңиз,

Эми мени менен жүрүңүз.

Нээтибиз сүттөй ак болду,

Не десем, сыйым көрүңүз.

Ушунун үчүн келдим», – деп.

…Арыстан айкөл баатырың,

Аккуланы минди эми.

Айлалуу калмак төрөнүн

Айтканына кирди эми.

Коңурбай көөнү жарк этип,

Эми ичинен кым деди.

Эки камчы шарт уруш,

Бул экөөндө не туруш?

Келатышат жарышып,

Үзөнгүсү кагышып.

Алоокенин Коңурбай,

Кийген экен кызылды,

Капкасы алтын коргондо,

Көөнү жаман бузулду.

Өңү кетти сурданып,

Мурду кетти кырданып.

Арнап кылган айбалта

Алып келди бир желдет:

“Баатыр Коңур, ала көр, – деп, –

Ажыдаар болуп атылат,

Жыландай болуп ышкырат,

Илебинен чуу чыгат,

Зыңылдаган үн чыгат.

Арка жакка шилтесе,

Аркан бою узарат.

Карап турсаң, жөн эле,

Өрттөй болуп кызарат.

Шиберге койсо өрт кетет,

Шилтегени мүрт кетет…”

Төрт кубулган айбалта,

Оңбогур колго алды эми,

Оңтоосун таап Манаска,

Оң имерип калды эми.

Ыңгайын таап, ыгын таап,

Артынан шилтеп калды эми…”

Бул окуя эми эле болуп өткөндөй бир убакта шаабайы сууп, өзүн шалак эттире бош таштап жиберип, унчукай улутунган Кызмончокко үн катууга анда жылан даамак эмес. Эмне тууралуу “ырдап” жатканын суроого да болбойт болчу. Тек гана Кызмончоктун ошол душманга болгон жек көрүүсүн сезип, муюган. Арттан кол салуу – коркоктук, жек көрүмчү сапат экенин түшүнгөн.

Ушуну эстей койгон жылан эми Асандын: “Эмне?! Аркамдан кол салайын дедиңби?!” – дегенин Кызмончок да угуп койгондой ыңгайсыздана түштү. Булардан анча деле алыста эмес, жанагы эле калыбынан козголбой отурган Кызмончокту бир кылчайып карап алып, катуу чыйратуудан улам үзүлүп кетчүдөй чатыраган жип сымал солкулдаган денесин акырындап барып бошотуп жиберди.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *