Сурамжылоо: Шаардыктар 1-майды майрамдашабы?

Кыргызстанда 1-Май “Эмгекчилердин эл аралык майрамы” катары жыл сайын белгиленип келет. Бул майрам совет  мезгилинде эмгектин, тынчтыктын майрамы катары өзгөчө шаңдуу белгиленчү.

 1-Майдын бүгүнкү күндөгү мааниси тууралуу сурамжылоо жүргүзүп, ар кандай жооп алдык. Башкысы бул майрам татыктуу эмгекти даңазалаган, жумушчулардын укугун коргоону жактаган анан дагы адамзат коомундагы эмгекчил адамдын ордун көргөзгөн, дүйнө жүзү белгилеген майрам экенин эсибизден чыгарбасак. 

Майрамдын кыскача тарыхына кайрыла турган болсок, америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-май күнү 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен забастовкага чыгышкан. Бул иш полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүлгөн. II Интернационалдын 1889-жылы өткөн Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында 1-Май күнү демонстрация уюштуруу чечимин кабыл алынган. Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германии, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрүндө белгиленген.

Ал эми Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу менен 1-Майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Кошумчалай кетсек, бул майрам Орусия жана Тажикстанда бир гана эмгекчилердин күнү эмес, жаз майрамы катары эсептелинет. Ал эми АКШда Эмгекчилердин күнү сентябрь айынын алгачкы дүйшөмбү күнүндө белгиленсе, Японияда 23-ноябрда майрамдалат.  Жалпысынан Эмгекчилердин күнү дүйнөдөгү 142 өлкөдө белгиленет. Бирок, жогоруда айтылгандай ар бир мамлекетте ар кайсы датага туш келип калган. Ал эми дал ушул 1-Май күнү майрамдай турган өлкөлөрдүн саны 66га жетет.

Гүлбүбү Байбугуева, жазуучу:

“Ошол кезди азыр жомоктогудай эле эстеймин”

-Бул майрам биз үчүн өзгөчө майрам эле. Ага алдын ала кооз көйнөктөрүбүздү даярдап, качан 1-Май болот экен деп күн санап күтөт болчубуз. Ошол мезгилде республиканын бардык борбордук аянттарында  майрамдын урматына ар кандай иш-чаралар өткөрүлөр эле. Анан жазга карата ар кандай кооз гүлдөрдү колго жасап, шаарларды үйлөп алып парадга чыкчубуз. 1-Май майрамы балалык күндөрүмдөгү эң көп майрамдаган күндөрүмдүн  бири катары эсимде.  Азыр эми,  андай майрам өткөрүлбөй деле калды. Ошол кезди  жомоктогудай эле эстеймин. Ал мезгилде элдин баары башкача болчу. Бирин-бири аңдыган киши жок. Адамдар  бири-бирине майрамдык куттуктоолорду айтып, майрам шаң-шөкөт менен өтөт эле.

Рустам КАМУЛДИН, Бишкек шаарынын тургуну:

“Эски майрам”

-1-Май “Эмгекчилердин эл аралык майрамы” болуп саналат эмеспи. Бирок, мен ушул кезге чейин бул майрамды майрамдап көргөн эмесмин. Себеби, бул эски майрам. Биз үчүн күндө өткөргөн күнүбүздүн өзү эле чоң майрам.

Мухамед ИБРАЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:

“Бул майрамды эстеген адам жок”

-1-Май союз убагында  эмгек майрамы деп аябай майрамдайт болчубуз. Иш менен майрамды кошо алып кетет элек. Ошол учурда 1-Май майрамы дегенде ар кандай маданий иш-чараларга катышып, өзүбүздө активдүү алып жүргөнгө аракет кылчубуз. Ал кез менен азыркы кездин айырмасы асман менен жердей. Азыр көрүп атабыз го эч ким деле майрамдабай калды. Көчөгө чыксаң шаңдуу музыкалар болуп, адамга жаңы энергия менен күч кубат берип турчу. Эс алып анан үйгө кетет элек. Азыркы жаштардын көпчүлүгү бул майрамдын эмне майрам экенин  деле билишпей калышты. Бул мени абдан өкүндүрөт.

Эламан ТОКТОШОВ, студент:

“Балким бул майрам такыр жоголуп кетиши мүмкүн”

-Мен 1-Май эмгек майрамын майрамдабаймын. Студент болгондуктан учурда биз билим алуунун жана изденүүнүн эле үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса, келечекте эмгек кылгандан кийин бул майрамды тосот болушум керек. Бирок, азыркы тапта бул майрам өтө деле актуалдуу эмес болуп калды. Балким бир канча убакыттан кийин такыр эле жок болуп кетиши да толук мүмкүн.

Пазилет ТАЖИБАЕВА, КРнын эмгек сиңирген мугалими:

“1-Майды тосууну дагы да болсо улантышыбыз керек”

-Студент кезимде Бишкекте окуганмын. Ак үйдүн алдындагы параддан өтөт элек. 1-курста окуп жүргөнүмдө Ак үйдөн мен окуган университетке: “Чачы узун, сулуу кыз болсо бизге бергиле”-деп келиптир. Анан окуу жайдан мени тандап алышты. Мен ойлоптурмун чачымды сурайт окшойт деп. Көрсө,  кыргыздын кыздарын тандап алып, алардын чачын экиге өрдүртүп, ар бир депутаттын жанына койду. Ошол мезгилде парадды депутаттар биринчи башташчу. Өтүп бара жатсам элдин баары суктанып, эртеси айылда тааныштарым сени кечээ телевизордун көрсөттү дешкендери эсимде.

Менин жеке оюм 1-Майды тосууну дагы да болсо улантышыбыз керек.

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ, жарандык активист:

“1-Май Советтер Союзунун майрамы”

-“Май айы майрамдарга бай айы”,- деп илгертеден эле айтылып келген. Эски муун үчүн бул майрам арманда болушу мүмкүн. Алардын арасында чынчыл, туура чечим кабыл алган замандаштарым бар. 1-май бул Советтер Союзунун майрамы. Негизи биз Кыргызстандын  эмгекчилеринин майрамын белгилешибиз керек.

Асел МУСА кызы,

“Кыргыз Туусу”

0 Поделились