Аналитика

«Датка-Кемин» улуттук энергетиканын көз карандысыздыгынын тиреги

Болот Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»


Кандай гана өлкө болбосун, анын өнүгүүсүнүн негизи, анын экономикалык бакубаттуулугунун пайдубалы – бул энергетика. Аны айтпаганда, бир күн эмес, бир саат үйүңүздө электр жарыгысыз отурганыңызды элестетиңизчи. Ушул өңүттөн алганда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ишке ашкан “Датка-Кемин” долбоору Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугунун тиреги болуп калды. Жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” электр чубалгыларынын күнгө чагылышкан аппак тирөөчтөрү жомоктон жаралгандай элес калтырып, ак дилден чыккан сөздөй, ак ниеттен жаралган тилектей өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгынын жана энергетикалык коопсуздугунун күзөтүндө турат десек эч жаңылышпайбыз.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы чубалгылары жана көмөкчү чордондору түштүктө өндүрүлгөн электр кубаттуулугун түндүк керектөөчүлөрү менен байланыштыруу менен, өлкөнүн түштүк менен түндүгүнүн ажырагыс биримдигинин, солк эткис ынтымагынын символу катары сезилет.

Эң башкысы, мындан ары Кыргызстан кошуна өлкөлөргө өз электр кубаттуулугунун транзити үчүн төлөбөйт жана кимдир-бирөө өчүргүчтү өчүрүп салат деп коркпойт.

Башчы шайлоодо Баш мыйзамды сыйлайлы

Экономикалык жагынан алабызбы, же саясый жагынанбы, энергетикалык көз карандысыздык жагынан алабызбы “Датка-Кемин” долбоору бул уникалдуу долбоор. Аны жергиликтүү саясатчылардан эл аралык саясый серепчилерге чейин жакшы атадан артык төрөлгөн, өсүп келаткан мыкты уулуна, улуттук энергетиканын берметине салыштырышат.

“Датка-Кемин” долбооруна ылайык, ЛЭП-500 «Датка-Кемин» 501кВ эки көмөкчү чордон курулду жана узундугу 405 чакырым жогорку чыңалуудагы чубалгылар тартылып, долбоордун жалпы суммасы 389 миллион АКШ долларын түздү. Ии, баса ушерден айта кете турган нерсе, “Датка-Кемин” энергетикалык долбоору демилгеленип жаткан кезде, дээрлик 400 миллион доллар карыз алсак, “биздин тышкы карыздарыбыз өсүп жатпайбы, анын өзү көз карандысыздыгыбызга доо кетирбейби” деген адамдар да болгон. Ооба, талаш жок, сөз болуп жаткан долбоорду турмушка ашыруу үчүн Кыргызстан Кытайдан кредит алды. Бирок, биерде “карызга алынган каражат эмнеге жумшалып жатат?” деген суроодой эле, ага бериле турган жооп да маанилүү. Себеби, энергетикалык көз карандысыздык жана энергетикалык коопсуздук дегенибиздин өзү мамлекеттин көз карандысыздыгы жана өлкөнүн коопсуздугунун ажырагыс бир бөлүгү.  Анткени, бүгүн “Датка-Кемин” долбоо рун ишке ашыруу менен өлкөнүн көз карандысыздыгына эч кандай доо кеткен жок, тескерисинче өлкө энергетикалык гана эмес, экономикалык көз карандысыздыкка ээ болду деп ишенимдүү айта алабыз. Айтор, кайсы гана өңүттөн алып карабайлы, “Датка-Кемин” көмөкчү чордондорун куруу жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартуу кыргыз энергетикасына бурулуш жасаган жана экономикалык жактан өзүн актаган кадам болгону талашсыз. Муну эң жөнөкөй арифметикалык эсеп менен чыгарса болот. Анткени, Кыргызстан Токтогул ГЭС каскаддарынан өндүрүлгөн электр кубаттуулугун Өзбекстан менен Казакстан аркылуу алып келгени үчүн бул өлкөлөргө жылына 8 миллион доллардан төлөп келген. Жыл сайын өзүбүз өндүргөн электр кубаттуулугу үчүн кошуна өлкөлөргө олчойгон сумманы төлөп келгенбиз. Бүгүн Кыргызстан мына ушул оор жүктөн кутулду. Алгандын бергени бар демекчи, 389 миллион кредит тууралуу айтсак, ал эң төмөнкү пайыз менен алынган, андан эч коркпосок болот. Кыргызстан эгемендиктин 25 жылында кошуналарга жылына 8 миллион доллардан төлөгөн болсо, анда биз өзүбүз өндүргөн электр кубаттуулугу үчүн кошуналарга жалпысынан 200 миллион доллар төлөп, жөн эле чыгаша болгон болуп жатпайбызбы. Демек, “ДаткаКемин” экономикалык жактан өзүн актаган кадам болду дегенибиз ошондон улам.

Эми ушерден өзүбүзгө өзүбүз суроо берели. Айтыңызчы, өзүбүз өндүргөн электр кубаттуулугубуз үчүн кайра өзүбүз акча төлөбөй, “Датка-Кемин” долбоорун мурда эле ишке ашырып коюуга болор беле? Албетте, болмок. Анда, бизди кандай албарсты басты? Же буга мурдагы жетекчилердин акылы жеткен эмес беле? Жок, мамлекеттен миллиондорду уурдаган адамдардын буга акылы жеткен эмес деп айтууга болбойт, жеткен. Бирок, тилекке каршы, буга мурдагы өлкө башчыларынын саясый эрки жеткен эмес жана каалоосу болгон эмес. Алар Кыргызстандын жана анын элинин тагдырына, энергетикалык көз карандысыздыгына кайдыгер караган.

Акын, актёр, жазуучулардын баш паанегине айланган карылар үйү… келбес сапар… өлбөс кыргыз руху…

Мына маселе кайда? “Датка-Кемин” долбоору үчүн алынган 389 миллион доллар тууралуу сөз болуп калган соң, мурдагы президенттер тушунда алынган кредиттер жөнүндө да айта кетели. Эсибизде, А.Акаевдин тушунда да миллиондогон кредиттер алынган, бирок ал каражаттар энергетиканы же экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө эмес, Кыргызстандын өнөр жайын талкалоого жумшалганы эч кимге жашыруун эмес. Айтылуу, ПЕСАК программасы аркылуу алынган миллиондор улуттук өнөр жай тармагын катуудан кышы, жумшактан күлү калганча сапырган. Айыл чарба “реформаторлору” болсо чет өлкөдөн миллиондорду алып, айыл чарбасын бүлүндүргөн жана алар муну зор ынтаа менен жасашкан. Ошол эле К.Бакиев Россиядан Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрөм-өстүрөм деп 300 млн доллар кредит алып, аны баласы Максим Бакиев уурдап алганы калппы? Болбосо, Кыргызстан ошол акчага деле “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырса болмок.

Кыргызстан акыркы жылдарда алган кредиттерин бюджеттин жыртык-тешигин бүтөгөнгө эмес, жепичип-уурдаганга эмес, белгилүү бир долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумшап жатат. Азыркы мамлекет башчынын эмгеги мына ушунда.

Дагы да белгилеп кое турган нерсе, акыркы жылдардагы долбоорлор масштабдуулугу, мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарды алдыңкы планга койгону менен айырмаланат. Айталы, 1990-жылдары Кыргызстан бир жылда 4 млрд кВт электр энергиясын пайдаланса, 2012-жылдан бери керектөө 7,5 млрд кВтга чейин көбөйгөн. Бул керектөө экономикалык жана демографиялык өсүүгө жараша жыл сайын көбөйүп, энергия пайдалануу жылына жок дегенде, 1,5-2 млрд кВтга өсөрүн да эстен чыгарбаш керек.

Ошентип, Датка-Кемин электр чубалгылары тартылып, көмөкчү чордондордун ишке берилиши менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду. Бул тарыхый окуя.

Буюрса, эми коңшулардын көзүн карабайбыз, өзүбүз өндүргөн электр кубатын өзүбүзгө жеткирип бергени үчүн аларга миллиондогон долларларды төлөбөйбүз. Эң башкысы, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы өз кезегинде өлкөнүн эгемендигин бекемдейт деген ишеним бар.

0 Поделились