Аналитика

Ботаникалык бактын өзү уникалдуу лаборатория

Шекербек КАЛЫКОВ, «Кыргыз Туусу»


Президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек шаарындагы Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багына “Улуттук” макамын берип, өз алдынча илимий-изилдөө мекемесине айлантуу демилгеси, көп жылдан бери көзү күйүп келген айрым бир көпөстөрдүн демин сууткандай болду.

Бир кезде ушул бактын арыгын чаап, чөбүн оруп, дарактардын тамырын жибитип суу жетелеген жумушчу катары илгертен эле жашыл ааламга бөлөнгөн ботаника багынын аянтына кызыккандар бар экендигин угуп-билип келген жайым бар. Союздун учурунда ал жерде көчөлөрүндө түнкү чырактар күйүп, өзүнчө эле сейил бак болчу. Күнөсканалары борбордук отказанынан жылытылып, не деген керемет кооз гүлдөр өстүрүлүп, борбор шаарыбыздын көчөлөрүн кооздукка бөлөчү. Түркүн-түркүн көчөттөр республиканын чар тарабына тарачу. Ботаника багынын көчөттөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайларды, Кара-Көл шаарын, Казакстандын Мирный шаарын, Жамбул ГЭСинин айланасын жана башка шаарлардын айланасын көрккө бөлөп турганын бүгүн дагы көрө аласыз. Ал учурда ботаника багында аз да болсо мал кармап, жумушчуларды эт менен камсыз кылып турчу. Тилекке каршы, Союз урагандан кийин илимпоз А.Акаев амлекеттин башчылыгына келген күндөн тартып, илимий-изилдөө институту кароосуз калды.

«Датка-Кемин» улуттук энергетиканын көз карандысыздыгынын тиреги

Жаңылбасам бүгүнкү күнгө чейин ботаника багында илимди өнүктүрүүгө бюджеттен бир тыйын акча каралбай келет. Мына ушунун кесепетинен уникалдуу бактын дээрлик үчтөн биринен кол жууп турабыз. Арийне, али да кеч эмес.

Айрым маалыматтарга караганда, 150 гектар аянтты ээлеген ботаника багында өсүмдүктүн 5000 түрү  өстүрүлөт. Бул илимий-изилдөө институту дарак жана бадал өсүмдүктөрү, декоративдүү гүл өсүмдүктөрү, мөмө бак өсүмдүктөрү, эксперименталдык ботаника боюнча лаборатория жана Нарын шаарындагы 1 филиалы турат. Алар өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ыңгайлаштыруусун, алардын физиологиясын, селекциясын, генетикасын, биологиялык ар түрдүүлүгүн изилдет. Бул жерде жер шаарынын ар кандай шартында өскөн өсүмдүктөргө сыноо жүргүзүлүп, аларга экинчи өмүр берип келет. Эң кызыгы Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багы көп түрлүү байлыгы менен Борбордук Азияда биринчи орунда турат. Аа эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң ири ботаникалык бактардын бири болуп эсептелет.

Ботаника багында карагайдын – 30, кызыл карагайдын – 40, теректин — 26, талдын – 32, липанын – 14, дубдун – 32, клёндун – 25 жана башка дарактардын бир нече түрлөрү бар. Розанын жүздөгөн сорту, сирендин венгер, кытай, сирия, амур сыяктуу жана не бир керемет 30дан ашык сорттору, 150дөн ашык дары-дармек чөптөрүнүн түрлөрү биздин климатка көнүп, гүлдөп-өсүп турат. Жашылдандыруучу көп жылдык өсүмдүктүн 50-70 түрү, бир жылдык 40-60 түрү өстүрүлөт. Алманын, алмуруттун дагы бир нече түрлөрү илимпоздор тарабынан изилденип табылган.

Башчы шайлоодо Баш мыйзамды сыйлайлы

Мына ушул эмгектердин бардыгы бир күндө жаралган жок. Ботаника багы 1938-жылы уюшулган. Демек келерки жылы 80 жыл болот. Дал ушул 80 жылдык эмгек мамлекеттин кол тийгис сыймыгы болуп калганын – намысы “бетон” болуп, акчанын артынан түшкөн, дал ушул аймакка лаборатория курууга кызыкдар болгон азаматтар туя билиши абзел. А балким, лаборатория шылтоодур.

Анын артында ботаника багын тып-тыйпыл кыла турган дагы кандай долбоорлор сунуш кылынат ким билет? Андан калса, жакындан бери ботаника багынын аймагында эки ирет чыккан капилет өрттү тымызын диверсия деп божомолдосо деле болор эле. Бир түп дарак отургузбагандарга, 100 жылга тете өмүр кечирген дарактын тагдыры пул сезилиши мүмкүн. Анткен менен ботаника багынын өзү уникалдуу лаборатория. Ал жер башка лабораторияга муктаж эмес.

Буга чейин деле жетекчилер жаз келери менен көчөт отургузуп келгени, “кожо көрсүн” мамиле экени дайын эле. Ал эми Президент Алмазбек Атамбаевдин, “Ботаникалык бак өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагынын макамына ээ болуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук казынасы катары мамлекеттик коргоодо турат” деген чечкиндүү кадамы ботаника багынын өмүрүн узартууга негиз түздү десем болот. Демек, аталган жай жалпы улуттун сыймыгы болуп кала берерине ишеним арталы.

0 Поделились