Аналитика

Арактан алыстоонун жалгыз жолу – ага тыюу салуубу?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Акыркы убактарда улам бир айыл “жинди суудан” баш тартып, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынып жатат. Эгер арак ичип алып кылынган кылмыштар, аракечтикке берилип кеткендер, ошол ичимдиктин айынан коомдогу көптөгөн терс нерселердин болуп жатканын эске алсак, бул эң жакшы демилге жана аны колдоого алуу керек экени талашсыз эмеспи. А бирок демократиялуу өлкөдө тыюу салып, бул нерсени токтотуп койсо болобу? Эгерде мындай тыюу салуу менен коомубузду бул арамдан алыстата ала турган болсок, анда эмнеге мамлекеттик деңгээлде колдоого алынбайт? Негизи эле мындай тыюу салуу башка терс нерселерге жол ачпайбы деген суроо келип чыгат.

Ботаникалык бактын өзү уникалдуу лаборатория
Алкоголго чектөө коюлган айылдар

Алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан айылдар чынында эле арбыды. Ушул жылдын май айында “Барскоон” айылынын жаштар уюму тарабынан алкоголго чектөө киргизүү демилгеси көтөрүлүп, айыл өкмөт тарабынан колдоого алынган. Бул айылда арак сатуу кечки 19.00дөн таңкы 8.00гө чейин тыюу салынган.

Мындай өнөктүктү 2008-жылы Оштун Караке айылы баштаган. Анын артынан Алай районунун Мурдаш жана Гагарин айылдары кошулган. Бул айылдарда алкоголдук ичимдикке 2013-жылы тыюу салынган. Учурда Ош облусунун Чайчы, Алп-Ордо, Кара-Таш, Мады, Кызыл-Суу, Киров, Алайку жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын жети айылында ичимдик сатылбайт.

2013-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылы облуста биринчилерден болуп алкоголдук ичимдикке каршы чыгышкан. Учурда аталган облустун бир канча айылында алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынган. Алар, Бирлик, Миң-Булак, Комсомол айылдары. Чүй облусунда бул демилгеге 2015-жылы Беш-Корук айылы кошулган болсо, Баткен облусунда Кулунду айылы кошулган. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Бает, Оттук жана Туура-Суу айылдарынын тургундары башка аймактын тургундары сыяктуу эле алкоголдук ичимдиктен баш тартышып, спирттик ичимдиктерди канализацияга куюп ташташкан. Буга жалпысынан 140 миңден ашык каражат кеткени айтылган болчу.

Муну менен бирге эле, кечээ жакында Ош шаарынын Жапалак айылынын дүкөндөрүнөн 300 000 сомдук арактар сатылып алынып, атайын таштандыга ташылып жок кылынган. Бирок мындай демилге мыйзамга каршы чыккан да учурлар болот. Маселен былтыр спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча айылдык кеңештин чыккан токтомун Ноокат райондук прокуратурасы «ишкерлердин укугун бузуп жатасыңар» деген жүйө менен жергиликтүү сотко кайрылып, айылдык кеңеш 10 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылган. Көпчүлүк айылдарда эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

«Датка-Кемин» улуттук энергетиканын көз карандысыздыгынын тиреги

Негизинен алкоголдук ичимдиктер 18 жашка чейинкилерге анан окуу жай, мектеп ж.б. тегерегинде сатууга болбойт. Андан башка жерлерде сатууга тыюу салуу ишкерлердин укугун чектегендик болуп эсептелбейби? Себеби, бир айылда алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө же тыюу салынса, кошуна айылда мындай чектөө жок. Бир айылдын ишкерлери пайда таап, экинчисинин ишкерлери ал пайдадан кол жууп калганы акыйкатсыздык болуп калгансыйт. Демек, бул маселе республикалык деңгээлде демилгеленип, колдоого алынышы керек.

Чектөө салуу менен чечилчү маселе эмес

5-чакырылыштын депутаттары 22.00дөн кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан. Аталган мыйзам долбордун демилгечиси Дастан Бекешов түндө болуп жаткан кылмыштар көбүнчө алкоголдук же наркотикалык заттарды колдонуудан улам келип чыга турганын айткан.

Маселен 2012-жылы 10 570 жол кырсыгы айдоочулар алкоголдук ичимдик колдонгонунан улам келип чыккан. Ал эми 2013-жылы 13 миңден ашкан. Башкача айтканда жылдан-жылга арактын айынан жол кырсыктар өсүүдө. Демек буга кандайдыр бир чаралар көрүлүп, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынышы керек. Мындай тыюу салуу чет өлкөлөрдө практикаланып келет. Маселен Россиянын Ульяновск облусунда алкоголдук ичимдикти түнкүсүн сатууга тыюу салынгандан бир жылдан кийин жол кырсыктары 19 пайызга азайган. Ал эми Чеченстанда алкоголдук ичимдик эртең мененки саат 8.00дөн 10.00гө чейин гана руксат берилсе, ошол эле Россиянын Дагестанында алкоголдук ичимдик сатуу таптакыр тыюу салынган. Ошондой эле АКШ кээ бир штаттарында мындай чектөөлөр иштеп келет.

Мындай тыюу салуу негизинен жакшы десек болот. Бирок тыйындын эки тарабы болот эмеспи. Ошол эле тыюу салынган айылдарда алкоголдун ордун наркотикалык заттар ээлеп калбайбы деген коркунуч келип чыгат. Бул багыттан алып караганда тыюу салуу менен эмес, коомду агартуу жолу менен бул арамдан кутулсак жакшы болот беле?

Аракечтикти алкоголго тыюу салуу менен токтото алабызбы?
Эрмек Аттокуров, журналист: Элдин талабына жараша  болуусу шарт
Эрмек Аттокуров

Мыйзам менен тыюу жолу бар. Бирок эффект өтө начар. «Сухой закон» көргөздү. Ал эми азыр Кыргызстанда орун алып жаткан көрүнүш бул коомчулуктун өзүнө тийиштүү болуп, убакыттын өтүшү менен таасирин берет. Эми жанагы арак тыйылган айылдардагы бир маселе: ичкиси келгендер ичпей калган жок, алар сыртка барып деле «гастролдоп» ичип келип жатат. Бирок, так ушул көрүнүш «араксыз айыл» аракетине бөгөт болбошу керек. Себеп дегенде эшекке жабуу жапсаң деле эшек боюнча калат. Ичкичке тыйсаң деле сырттан таап ичет. Ал эми айыл тынчый түшөт.

Бала кезде айылдагы мушташтар көбүнчөсү ичкиликтен болгонуна күбө болуп келгенбиз. Демек, араксыз айылдарда азыр жашоо тынчый түштү деп ишенем. Бир мисал, менин балалыгым өткөн айылда дүкөндөрдүн биринин ээси намазга жыгылып, өз дүкөнүндө спирт ичимдигин сатууну токтотуп салган. Салыштырсак, ал дүкөндүн алдында мушташ, сөгүнгөн топ эркек жана жалдырап карыз сураган киши жок. Бул жакшылык уланышы керек. Коом өзү талап кылган нерседе ийгилик болот. Эми эң негизгиси 50 жылда эл жаңы демекчи кийинки муун улай кетсе. Жалпысынан бул демилгени колдойм жана уланышына тилектешмин.

Нурлан КАЛЫБЕКОВ, акын: Тыюу салуу маселени чечпейт
Нурлан Калыбеков

Илгери Горбачевдун заманында “сухой закон” дегенди киргизип коюшуп, элдин баары самогонго өтүп, тетирисинче алкаштын баары ошондо көбөйгөн. Адам психологиясы өзү ошондой, канчалык тыюу салса, ошончолук кайра тетири жыйынтык чыгара берет. Миң талкаласа деле мындан жыйынтык чыкпайт. Маселен жанагы “халал той” деп, тойдо спирттик ичимдиктерге тыюу салынганы менен чайнектерге куюп алып ичип жатышпайбы. Ошондуктан бул нерсени тыюу салуу эмес, кандайдыр бир идеология катары киргизиш керек да. Маселен жанагы дин жолундагылар бул арам, ичкенге болбойт деп жатышып токтотуп алып жатышпайбы. Анда деле кайра ичип алгандар бар. Демек, бул адамдын өзүнө эле нысап берсе гана токтойт. Анан жанагынтип тыюу салса, самагону чыгат, дагы башкасы чыгат. Анын үсүтүнө азыр тири шумдуктарын таап чыгышат болсо керек. Ошол аракты сатып алып талкалап жатышпайбы. Ошол каражатты адамды агартуу, ичимдиктин зыяны тууралуу атайын окутууларга коротушса жакшы болмок.

Азиз Батыров, ырчы: Кээ бир тойлор ичимдиксиз эле сонун өтүп жатат
Азиз Батыров

Биз мусулман өлкөдө жашап жатабыз арак арам экенин билсек дагы той аштарыбыз араксыз өтпөй калды. Акыркы убакта айрым айылдарда арак сатууга тыюу салынып жатат бул жакшы нерсе деп ойлойм. Ааламга жол айылдан башталат демекчи эми ушул иш чара мамлекеттик деңгээлде өткөрсөк Кыргызстанга 70-80 % пайыз пайдасы тиет деп ойлойм. Көбүнчө ичкиликке берилүү жумушсуздуктан улам келип чыгат эмеспи. Ошондуктан бул маселе чечилип, күнүмдүк бир жумуш менен алек болсок, ичкиликке деле убакыт жок болмок. Мусулман болсок дагы арак арам экенин жана жакшылыкка алып барбай турганын түшүнүп жете элек окшойбуз. Аракка тыюу салынса ичкиликти колдонуп жүргөндөр кандай абалда каларын так айта албайм бирок токтотуу үчүн биринчи арак арам экенин жакшыраак түшүндүрүшүбүз керек. Ар кандай акцияларды өткөрүп. Мисалы: азыр мен көп тойлорго барып ырдайм анча мынча тойлордо спирттик ичимдик такыр койбогонун көрөм. Бир жакшынакай эле өтөт.

0 Поделились