Жаңылыктар

Бишкекте 7 көпүрө салынууда

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Бишкекте темир жолдун жана Чоң Чүй каналынын үстүнөн жети көпүрөнүн жана бир катар курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көпүрөлөр Кытай мамлекети берген 1 млрд. юандын (148 млн. 799 миң доллар) гранттын эсебинен курулат. Кытай грант боюнча иш 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи фаза боюнча жети көпүрөнүн курулушу пландалган. Буга 66 млн. 662 миң доллар каражат коротулушу күтүлүүдө. Экинчи фаза 62 көчөнү реконструкциялоону кароодо. Ал эми үчүнчү, жыйынтыктоочу фазасы үч тепкичтүү эстакадалык жолдон экөөнүн курулушу каралган. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбеков билдиргендей, биринчи фазанын жумушу курулуш сезондун башталышы менен башталган. Анын айтымында, 7 көпүрө шаардын негизги жолдорунан машина агымын азайтат. “Бишкекте 40тан ашуун көпүрө бар. Эгемендүүлүк алган жылдары 5-6 көпүрө салынган. Ал эми биздин долбоор менен 2 жылдын ичинде 7 көпүрө салууну көздөп жатабыз”, — деп билдирди ал.

Достоевский көчөсүндөгү көпүрө

Учурда Шабдан Баатыр көчөсү Ахунбаевден баштап, Анкара көчөсүнө чейин кууш болуп, көп тыгынга себеп болууда.

Аталган жолдогу оорчулукту алуу үчүн Ахунбаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин Достоевский көчөсүндө 1,6 миң метр жол курулууда. Жолдун курулушунун алкагында көпүрө дагы курулууда.

Медеров-Токтоналиев көчөлөрүндөгү көпүрө

Бишкек шаарынын ортосунан темир жол, Аламүдүн, Ала-Арча суулары жана ЧЧК менен бөлүнгөн. Ала-Арча суусунун үсүтүндөгү көпүрө Масалиев көчөсүнөн баштап Кулатов көчөсүнө чейин курулуп жаткан Токтоналиев көчөсүнүн алкагында курулууда.
Аталган жолдун курулушу Манас проспектисиндеги жол кыймылын азайтат.

Лев Толстой көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө

Учурда Бишкек шаарында мындай конструкция биринчи жолу колдонулуп жатат.

Көпүрөнүн узуну 105 метр, туурасы 15 метр, эки тарабынан тротуарлар болот. Учурда Лев Толстой көчөсүнүн 2 чакырым жолу курулуп калды.

Аламүдүн суусунда Фрунзе, Токтогул, Токомбаев көчөлөрү менен 3 көпүрөнүн курулушу пландалган

Фрунзе көчөсүндөгү көпүрө

Бүгүнкү күндө Фрунзе көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн башталып, Осмонкул көчөсүнө чейин созулат.  Аламүдүн суусунун үстүнөн өткөн көпүрөнүн курулушу аяктагандан кийин Фрунзе көчөсү менен Ауэзов көчөсүнө чейин чыгууга мүмкүндүк жаралат.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын айтымында жолдун курулушунда турган 2 үйдү сүдүрүүгө туура келет. Үй ээлерине компенсация төлөнүп, алардын укуктары басмырланбай турганын кошумчалады. Аталган көпүрөнүн туурасы 11,5 метрди түзмөкчү.

Токтогул көчөсүндөгү көпүрө

Аламүдүн суусуна Токтогул көчөсү аркылуу дагы көпүрө курулат. Аталган курулуш аймагында сүздүрүүгө туура келген мыйзамдуу үйлөр бар болгондуктан бул эң көйгөйлүү участок болуп эсептелет. Учурда атайын штаб түзүлүп, үй ээлеринин компенсация маселелерин чечүү менен алек.

ЧЧКнын үстүндөгү көпүрө

Учурда Чоң Чүй каналынын өтүү үчүн айдоочулар төрт гана көпүрөнү колдонушат. Алар: Абдрахманов, Тоголок Молдо, Курманжан Датка жана Махатма Гандидеги көчөлөр.

Муниципалитет буга кошумча катары Орозбеков көчөсүнө дагы бир көпөрө курууну пландап жатат. Учурда бул көчө реконструкциядан өтүүдө. Бул көпүрө Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү оордукту алат деп божомолдонууда. Көпүрөнүн унаа өтүүчү жагынын туурасы 9 метрди түзөт.

0 Поделились