«Жалал-Абад Тазалык» мекемесинде эмгектенген энелерге белек берилди

«Жалал-Абад Тазалык» мекемесинде эмгектенген энелерге белек берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-майда «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин жетекчиси Айбек Жолдошев мекемеде эмгектенген энелерди жеринде Энелер күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Эске салсак, 17-май күнү тазалыктын 5 кызматкерине шаар мэри Эрнисбек Ормоков тарабынан да Энелер күнүнө карата белектер тапшырылган болчу.

Кабар МАБ

0 Поделились