Өкмөт башчы Казакстандын премьер-министри менен жолукту
13-августта, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөтүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда, ЕАЭБтин алкагында чек ара тармагында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө актуалдуу маселе экени белгиленди. Буга чейинки жолугушууда «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булуң – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун өзгөртүү, «Ак-Тилек – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна кыргыз тараптан жана «Кара-Суу» казак тараптан көпүрө куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты.
Ал эми Казакстандын премьер-министри эки элдин кызыкчылыгы үчүн эки тараптуу маселелерди чечүүгө кызыктар экенин билдирди. анын айтуусунда, жакын арада «Ак-Тилек – автодорожный» жана «Кара-Суу» көзөмөл өткөрүү пункттарын бириктирген көпүрөнү каржылоо башталат.
Мындан сырткары тараптар ортосунда мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча келишимдин долбоору талкууланып, ага жакын арада кол коюу пландалууда.