Ошто тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр коюла баштады
Ош шаарында тамак-аш калдыктарын салуучуүкөктөр коюла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун негизинде тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр «Курманжан-Датка», «Манас-Ата», «Сулайман-Тоо» жана «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына орнотулууда.
Шаардык мэриядан бул үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан жасалып берилгендигин кошумчалашты.