Ош шаарындагы «Бакыт үйүн» оңдоо иштери жүрүп жатат

Ош шаарындагы «Бакыт үйүнүн» имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Күн мурун мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде вице-мэр Жасур Азимов жетектеген жумушчу комиссия иштин жүрүшү менен таанышты.

План боюнча, капиталдык ремонт быйыл аяктайт. Ага шаар казынасынан акча бөлүнгөн.

0 Поделились