КМУда билим берүү стартаптарын түзүү иши башталды

И. Арабаев атындагы КМУнун 1-проректору Айгүл Абдраеванын көзөмөлү астында окуу жайда стартап түзүү иши башталды.

Санариптештирүү жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Абдраева инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу боюнча кафедра башчылары, декандардын орун басарлары менен биргеликте жыйын өткөрдү. Жыйынга Өкмөттүн алдындагы Кыргыз патент кызматынын стартап боюнча жооптуу адисттери да катышты.

Анда биринчи проректор Айгүл Абдраева КМУнун стартап борборунун башчысы болуп жакында эле дайындалган Айсулуу Бейшенованы окуу жайдын жамаатына тааныштырды.

0 Поделились