Акын Тамара ДОБУЛ кызы: “Поэзиянын табышмагынын жандырмагын издеп жүргөндөймүн”

Уучу кур эмес улуттук поэзия

-Эгер мен жаңылбасам, сиз адабиятка кечирээк келдиңиз окшойт?

-Ошондой болуп калды. Бу турмушта бирөө жолго эртерээк чыгат экен, бирөө кечирээк чыгат экен. Бирок, поэзияга мурдатан эле кызыгып, өз алдымча жазып жүргөм. Ырды мектепте окуп жүргөндө эле жазып жүргөм. Алгачкы ырларым Таш-Көмүр шаардык “Нур”, Токтогул райондук “Учкун” гезиттерине басылып жүрдү. Заман оорлошуп, токсонунчу жылдардын ортолорунда Бишкекке көчүп келишке мажбур болдук. Ошондон тарта республикалык гезит-журнал, теле, радиолор менен байланыштым.

-Адабий чөйрөгө кеч аралашканыңыз менен, Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев “Тамара ДОБУЛ кызы – табиятынан шеги жок таланттуу жан. Бирок, тек талант, жөндөм менен чыныгы чыгармалар жаралбайт. Таза, нукура чыгармаларды көп окуп, талбай изденип иштөө менен гана жарыкка келет” – деп жылуу пикирин айтыптыр. Ал киши антип баарын эле мактай берчү эмес эле.

-Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Антип чыгармачылыгым тууралуу жылуу сөз айткандар бар. Бул жылуу пикирлер бир чети кубантат. Бир эсе жоопкерчилик артат. Поэзиянын тузу оор. Жаздын жагымдуу күнүндөй мээлүүн, көпөлөктүн канатындай жеңил ырларды, жанга жагымдуу ырларды жазыш жеңил-желпи эмес. Кээде бир сап ыр жаза албай таң атырган күндөр болот. Кээде айлап ырлар келбейт. Кээде көчөдө баратсаң же бир кечеде отурсаң эле ырлар өзүнөн өзү төгүлүп-чачылып кетет.

-Ыр дүйнөсү ары аруу, ары табышмактуу дүйнө эмеспи.

-Мен ушу табышмактуу дегениңе кошулам. Мага поэзиянын табышмактуулугу жагат. Өзүмдү өмүр бою ошол поэзиянын табышмагынын жандырмагын издеп келаткандай сезем. Бул бир айтып бүткүс сезим. 

-Канча китеп чыгардыңыз?

-Балдар үчүн “Жылдыздарды ким жипке тизет?”, “Мен чегирткени кантип аттым?”. “Айды кармагым келет” аталышындагы балдар үчүн, “Желдин жыты” наамындагы чоңдор үчүн китебимди чыгардым. 2021-жылы КР УЖСга мүчө болгом. Азыр “Сүт даамданган ырлар” деген китебим басылуу алдында турат.

-Кара сөз жазууга да кызыгып жүрсөңүз керек эле?

-Ооба. Соңку убактарда кара сөзгө да кызыгып, бир топ аңгемелерди жаздым. Аларды да китеп кылып чыгарыш ниети бар.

-“Заман” адабий чыгармачыл бирикмесинде төрайым эмессизби. Бирикме туурасында да айта кетсеңиз?

-Бирикмеде 70тей мүчө бар. Жашы — студент, карысы – эмгек ардагери. Алардын татыктууларын Союзга мүчөлүккө сунуштайбыз. Кечелерин өткөрөбүз. Басма сөздөргө, теле-радиолорго алып чыгып, журтка тааныштырабыз.

Тамара ДОБУЛ кызы

БАКЫТ

Бакыт, сен барсыңбы, жоксуңбу,

Бар болсоң мен көрбөй койдумбу?

Барайын, табайын дейм сени,

Билбеймин жашынган ордуңду.

Бакыт, сен жоксуңбу, барсыңбы,

Бар болсоң мен көрбөй калдымбы?

Жадырап көрүнүп койчу бир,

Жаркытып, нурдантып алдымды.

Бакыт, сен өзүңдү сүйдүрүп,

Көңүлдү, көзүмдү күйгүзүп,

Алыстан колуңду булгайсың,

Артыңдан кубалайм үшкүрүп.

Бүт ээлеп жүрөктүн толтосун,

Ар качан сезимде, ойдосуң.

Бакыт, бир келип кет бар болсоң,

Мен сени күтүп чоң жолдомун!

КЕЛИН КЕЛГЕНДЕ

Кубанычтар күлкү чачып,

Жүрөктөрдөн турат ташып.

Биздин үйгө келин келди,

Биздин үйгө келди бакыт.

Ушул селки – уулум сүйгөн,

Келишин мен көптөн күткөм.

Бактысы артып көгөрсө экен,

Бажырайып биздин үйдөн.

Башына ак жоолук салдым,

Бетинен бир өөп алдым.

Сыйлап турар жан түгөйү

Болсун дайым ар бир жандын.

Келин эмес, бул кыз болсун,

Билсин ата-эне ордун.

Наристенин жыты менен,

Күлкүсүнө үйүм толсун!

КҮЗГҮ ЖАЛБЫРАКТАР 

Күмүш сымал өңү сапсары,

Жалбырактар бүгүн бактагы.

Бош калыптыр жалгыз отургуч,

Көздөн далдоо чеке жактагы.

Жай толукшуп бышып турганда,

Келер элек дайым бул бакка.

Толтурчубуз ичин күлкүгө,

Ширин-ширин кыял, сырларга.

Турат баары бүгүн оюмда,

Отурчубуз да бул бош орунга,

Жаздын, жайдын жашыл өңүнө,

Суктанчубуз көңүл тоюп да.

Жашыл кезден бактар түңүлүп,

Шамал өтөт чуркап сүйүнүп.

Саргылт түскө боеп койгондой,

Жалбырактар турат күбүлүп.

Мезгил күзү мейли, тез келсин,

Өмүр күзү бирок кеч келсин.

Узак карап  орундукка мен,

Эң кымбатым, сени эскердим.

АТАНЫН ҮЙҮ

Бир атадан, бир энеден төрөлүп,

Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп,

Бул турмуштун жазмышына баш ийип,

Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.

Эх кантели, турмуш башка, шарт башка,

Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда.

Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк

Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.

Атабыздын курган үйү биз өскөн,

Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн.

Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз

Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.

Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн,

Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун,

Ата үйү – ыйык бизге Меккедей,

Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!

ЖОЛ КИРЕ  

Атамдын көзүн көргөн чалдар мага,

Айылда калды капыс кез келишип.

-Жакшы адам болуучу атаң кандай гана!

Эртерээк кетти! — дешти эскеришип.

О, булар атам тирүү бар убакта,

Чай ичип, биздин үйгө канча келди.

Бирөөсү коюнунан алып аста,

-Жол кире кылып кет! – деп акча берди.

Жаш кезди, өткөндөрдү көрдүм дагы,

Сагынып барып туулган  кыштагыма.

Апамдын жакын, сырдаш теңтуштары,

Окшотту өздөрүнүн кыздарына.

Көп жылдар уулду тилеп жүргөн курбум,

Көрдүм да сүннөт тоюн берген кезин.

Кез келген той, үлпөттө балкып турдум.

Перзенттүү болгон үйдөн жентек жедим.

Бир кемпир – жесир калып, азап чеккен,

-Небере көрдүм! – деп бир төгүлдү үйдө.

-Жол кире кыл! – деп аяш атам берген,

Акчаны ага сундум көрүндүккө.

Айылга келип тургула

Байыркы бабаларыңдын,

Мүрзөсү турат айылда.

Барында күчүң, алыңдын,

Аракет кылгын барышка.

Жүргөндө алыс жактарда,

Сагынар, анан сагынтар,

Көйгөйлүү оор чактарда,

Кол сунар туугандарың бар.

Айылда туулуп-өскөнсүң,

Айылда – сенин тамырың.

Милдетиң – көзү өткөндүн,

Гөрүнө турпак салышың.

Оорусаң ичи ачышып,

Тилеген аман болууңду,

Тур дайым кабар алышып,

Туугандан үзбө колуңду.

Жолугуп теңтуш, курбуга,

Жолугуп элге дайыма,

Айылга барып тургула,

Айылды унутпагыла.

НИЕТ

Удургуп токтобой көшөрүп,

Учпастан тургула ой, жылдар.

Уулумдун уулдарын көтөрүп,

Урматтуу чоң эне болгум бар.

Канатты кагып миң эселеп,

Күүлөнбөй турсаңар ой, жылдар.

Кызымдын кыздарын жетелеп,

Кымбаттуу таэне болгум бар.

Жан шерик кылып куу таякты,

Жар болуп жакшылык мезгилге,

Жаштарга берип ак батамды,

Айлансам дейм ак чач кемпирге.

Арбын — ой, максатым алдыда,

Аларга көрөйүн ылайым.

Барк, баам бар болсун калкыма,

Баарына жеткиргин, Кудайым!

АПАМА

Көрдө дагы бейгам жаталбай,

Ойлонорсуз мени ар убак.

-Ооруу, дартты билбей эгерим,

Жүрсө дээрсиз күлүп, жадырап.

А мен болсо бир аз бейтапмын,

Бала кездей куунак эмесмин.

Өзүмдү – өзүм  кармайм этият,

Сиздей болбойт мага эми эч ким.

Ыйлап алам өзүмчө эреркеп,

Эстеп апа, сизди кез-кезде.

Даяр элем тирүү жүрсөңүз,

Чүрпө болуп өөп, эмгенге.

Бүгүн барып кабырыңызга,

Куран окуп кайтсам деп турам.

Сезгенсиз го сыркоолугумду,

Элесиңиз апа, келди улам.

СЕН МЕНИ ДАЙЫМ ЭСТЕ

Сен мени адамдар көп жолдордо эсте,

Көөнүңө кайгы-капа толгондо эсте.

Сулуулар көздөрүңдү кычыштырып,

Суктанкан адамдар көп тойлордо эсте.

Сен мени жамгыр жаап жатканда эсте,

Саргайган саратандуу аптапта эсте.

Кирпигиң илинбестен кара түндө,

Канаттуу кыялдарга батканда эсте.

Кубанган чактарыңда эсте мени,

Жалгыздап басканыңда эсте мени.

Сүйгөнүң алдап таштап кетип калып,

Санаага батканыңда эсте мени.

Эстегин, мен сен үчүн кубанычмын,

Эч качан кемибеген зор бакытмын.

Кайрылып артка кетпес узун жолдун

Учунда сени күтүп турганым чын.

ТААРЫНГАНЫҢ ЖАГАТ МАГА

Таарынчы, таарын мага асылзатым,

Дүйнөнүн төрт бурчунан табылбасым.

Сыртымдан сыр билдирбей тултуйсам да,

Ичимди элжиретет таарынганың.

Анткени, таарынганың убактылуу,

Билемин, урматтаймын бу бактыны.

Бекемдейт таарынычтар сүйүүбүздү,

Таарыныч, сагынычтан турат сүйүү.

Билемин, таарынсаң да жек көрбөйсүң,

Башкага мени таштап эч кетпейсиң.

Келатат жакын тартып алды жакта,

Экөөбүз баш кошуучу, эңсеткен күн.

Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев акын Тамара ДОБУЛ кызы тууралуу:

«Ал – табиятынан шеги жок таланттуу жан. Бирок, тек талант, жөндөм менен чыныгы чыгармалар жаралбайт. Таза, нукура чыгармаларды көп окуп, талбай изденип иштөө менен гана жарыкка келет” – деп жылуу пикирин айткандай, чындыгында да ал сезимтал, жаздын жагымдуу күнүндөй мээлүүн, көпөлөктүн канатындай жеңил ырларды, жанга жагымдуу ырларды жазат. Бул жеңил-желпи иш эмес. Кээде бир сап ыр жаза албай таң атырган күндөр болот. Кээде айлап ырлар келбейт. Кээде көчөдө баратсаң же бир кечеде отурсаң эле ырлар өзүнөн өзү төгүлүп-чачылып кетет. Акын өзү: “Поэзиянын тузу оор. Ыр дүйнөсү ары аруу, ары табышмактуу дүйнө эмеспи. Мага поэзиянын табышмактуулугу жагат. Өзүмдү өмүр бою ошол поэзиянын табышмагынын жандырмагын издеп келаткандай сезем. Бул бир айтып бүткүс сезим” – деп эсептейт.

0 Поделились