Майдын аягына чейин инсулин алып келинет

Майдын аягына чейин инсулин аналогдорунун жана актрапиддин картридж формалары алып келинет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, дарынын негизги партиясы 7-июлда келет, 8-июндан кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунунан гуманитардык жардам катары Protofan жана Aktrapid алып келинет.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кант диабети менен 72 миңден ашуун адам каттоодо турат.

0 Поделились