Ош аэропорту… күнөө жамгырдабы?

Кыргызстандын коррупционерлеринин «былыгын» кандайдыр бир улуу күч эле ачып келаткандай. Бишкек жылуулук түйүнүндө суу түтүктөрү тоңуп калбаса, ал жердеги башаламандык “жабылуу аяк, жабылуу  бойдон” калмак окшойт. Кечээ эл аралык мааниге ээ болгон Ош аэропортунун  жүргүнчүлөр залындагы шыптын бир бөлүгү нөшөрлөгөн жамгырдан улам урап түшкөнүн социалдык түйүндөрдөн баарыбыз көрдүк.

Айрым маалыматтар боюнча,  ушул имаратты курууга  беш жыл мурун 78 миллион сом жумшалган экен.  Сапатсыз курулуштун абийирин нөшөрлөгөн жамгыр ачты. Жазгы жамгыр аэропорттун курулушунда коррупциялык элементтин бар экендигине  “жем” таштап койду. Андан башка Ош аба майданында буга чейинки тейлөө, коопсуздук чараларынын сапатына, аэропорттун ичинде эле  ири суммадагы акчалардын бир нече ирет  каракталышына бийлик тарабынан “ат үстүнөн мамиле” жасалып келген. Белгисиз самолеттордун келип-кетип турушу, айтор көп маселенин башын ачууга болор эле. Эми сөз тиешелүү текшерүүчү органдарда…

Негизи өлкөбүздүн авиация тармагынын абалы дурус эмес. Аба мейкиндигинин жүзү болгон Кыргызстандын улуттук ави компаниясы таланып-тонолуп жок болду. Мамлекеттин бир дагы менчик самолету жок. Пандемиялык кырдаалда жеке менчик компания­лар каалаган баасын коюп, элди түйшүккө салып коюшту. Бул өзүнчө маселе.

Андан башка көйгөйлүү маселе, аэро-портторго келген инвесторлордон “шапка” суроо адатка айланып келди. Кытайдын Чэп Пэн деген жараны 2017-жылдары “Манас” аэропортун реконструкциялоого инвестиция саламын деген үмүттө келип, 100 миң долларын шылуундарга алдатып,  соттошуп жүргөнү маалым болду. Кытайлык инвестор,   чет өлкөлөрдө жарандык авиациянын аэропортторун куруу жана реконструкциялоо менен алектенген Кытайдын жарандык авиациясына караштуу “САСС” компаниясынын башкы өкүлү болгон экен. Же болбосо мурунку президент, “Манас” аэропортуна инвестор катары келген “Роснефть” компаниясынан “шапка сурап качырдыңар” деп бийик трибунадан айтканын эстейли. Бул шардана болгону гана. Билинбей көмүскөдө “кол кызытып” жаткандары канча? Демек, маселе тереңде жатат. 

Эми Ош аэропортуна келели. Бул аба майданы “Манас” аэропортунун карамагында турат. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча Ош аэропорту Бишкектеги башкы аба майданы менен мүмкүнчүлүгү бирдей эле десем жаңылышпаймын. Айрым маалыматтарга караганда, инвесторлор Ош аэропортуна өзүнчө инвестия жумшаганга кызыкдар экен. Себеби, өлкөнүн түштүк аймагындагы аэропортко жакын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Фергана өрөөнүнүн калкын эсепке алганда заманбап аэропорттун курулушу жүргүнчүлөрдү тейлөө мүмкүнчүлүгүн арттырып, кирешелүү болмок дешет. Мындай шартта  Ош аэропорту “Манас” аэропортунун карамагынан чыгарылышы керек. “Манас” аэропорту  андай кадамга баргысы келбейт. Өзүнө атаандаш жаратууну ким эле кааласын?

Акыркы он жылдан бери Ошко заманбап аэропорт курууга Түркиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору кызыкдар болуп келгени маалым. Жаңы аэропорттун курулушуна Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектер жер бөлүнүп берилген. Иш ордунан жылбай турат. Эски аэропортко жумшалып жаткан каражат  “суу болуп” агып жатканын кечээги жамгыр ырастады. Айтор, Ош аэропортунун өнүгүүсүн жактаган маселе ушул күнгө чейин “илинип” турат.  

Ошону менен бирге Ош аэропорту кароосуз калды деп айтууга болбойт. Өкмөт, “Манас” аэропорту колдон келген жардамын берип жатат. Бирок, ошо каржы булактары кандай пайдаланылууда?  Кеп ушунда.

Илгери А.Акаев Ош аэропортун оңдоого Япониядан 50 млн. доллар насыя алган экен. Ал кандай жумшалды? Карыз деген карыз, ал баары бир төлөнүшү керек. А.Атамбаевдин бийлигинин учурунда  кытайлык компаниялар “Манас” аба майданына 1 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылышып, үч жылдын ичинде Ошто жаңы, заманбап, көп функциялуу аэропорт куруу боюнча меморандумга кол коюшкан экен. Мындай  сөз бойдон кагазда калган келишимдер өтө эле көп. 

Президент Садыр Жапаров, 2026-жылга чейин өлкө боюнча аэропорттордун инфратүзүмдөрүн жана ички рейстерди жакшыртууну өнүктүрүү Улуттук программасынын алкагында бир топ долбоорлорду жүзөгө ашыра баштады. “Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу башталды. “Манас” аэропортунун таза кирешеси 4 млрд. сомго жетти. Максаттар жакшы. Бирок, мезгил тараза. Ушул Программанын алкагындагы аткарыла турган долбоорлор сапаттуу бүткөрүлсө деген эле тилек. Анткени, кезектеги нөшөрлөп жааган жамгыр коррупционерлердин абийирин ачып койбосо экен… Же күнөөнү жамгырга коюп жүрө беребизби?..

РЕДАКЦИЯДАН: Макала басууга берилип жатканда,  Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортунун шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын иликтей баштаганы маалым болду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча  ураган имаратты  кайсыл компания салганы тергөөдө
аныкталмакчы.

0 Поделились