Атактуу диктор Бактыбек Мамытов дүйнө салды
Белгилүүү теледиктор, кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген артисти, «Даңк» медалынын ээси, КТРКнын отличниги Бактыбек Мамытов бүгүн 20-майда 72 жаш курагында дүйнө салды.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган.
Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
«Кыргыз Туусу» гезити маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.